• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бул жылы окуучулардын формасы кандай болот?

16 Баш оона 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

Келе жаткан окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардан окшош мектеп формасын кийүүнү талап кылбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен ушундай чечимге келген.

«Эгер окуучуларда буга чейин формасы болсо кийсе болот, жок болсо үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) кийсе жарайт»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жаңы окуу жылы быйыл 15-сентябрда кадимки тартипте башталат, ошого байланыштуу каникулдардын жана “Акыркы коңгуроо” күнүнүн да мөөнөтү өзгөрдү. Биринчи чейрек 5-ноябрда аяктап, 8-14-ноябрь каникул болот. Экинчи чейрек 31-декабрда аяктап, андан кийин балдар 10 күн эс алат. Үчүнчү чейрек 18-мартта жыйынтыкталып, 21-27-март каникул болот. Ал эми төртүнчү чейрек 8-июнда аяктап, “Акыркы коңгуроо” 9-июнда өтөт.

Количество просмотров: 666