• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Самаркандда окуу жылы 19-сентябрда башталат

30 Баш оона 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

Самарканд Элдик билим берүү башкармалыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу мектептерде сабактар 19-сентябрда башталарын маалымдады.

Башкармалык мындай чечим ар түрдүү иш-чараларды уюштурууда коомдук тартипти камсыздоо үчүн кабыл алынганын белгиледи. Кемиген окуу сааттары жыл ичинде каникулдардын эсебинен толукталат.

ШКУнун кезектеги саммити 15-16-сентябрда Самаркандда өтөт. Уюмга Өзбекстан, Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан жана Иран мүчө. Ооганстан, Монголия жана Беларус байкоочу макамга ээ.

Буга чейин «Өзбекстан аба жолдору» ШКУ саммитине байланыштуу Самарканд аэропорту убактылуу жабыларын жарыялаган.

Количество просмотров: 106