Билим берүү жана илим министрлиги 1-сентябрдан баштала турган жаңы окуу жылынын графигинин артыкчылыктары менен кемчиликтерин изилдеп жатат.
Бул тууралуу 6-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди. Абазбек уулу бул маселе боюнча министрликтин да дарегине кайрылуу көп келерин айтты. Ошондуктан сунуштардын негизинде окуу жылын кайрадан 1-сентябрдан баштоонун артыкчылыктары менен кемчиликтери изилденип жатат.
2021-жылы мектептерде сабактар 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктай турган болгон.