• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Булак-Башы тилкесиндеги өрт өчүрүлүүдө

15 Аяк оона 202218:35 Бишкек Govori.TV

 Булак-Башы тилкесиндеги өрттү өчүрүү уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-сентябрь күнү Баткен районунун Кык жайлоосундагы Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө кечээ 11 куткаруучу, ЗиЛ унаасы жана жергиликтүү 15 жаран тартылган.

Ал эми бүгүн, 15-сентябрда кошумча күч катары эки унаа менен 51 куткаруучу тартылып, жайыттын күн чыгыш тарабында иш алып барууда.

Теги:
Количество просмотров: 194