• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бурулайдын иши: жабырлануучулар сот чечимине арызданышпайт

13 Бештин айы 2018 12:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV

  Ала качуунун курмандыгы Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев айыпталуучуларга карата чыккан соттун чечимине нааразы эмес. 

Мындай пикирин ал «Азаттыкка» билдирди.

“Сейитов кечирим сурап, баарын так айтып бергенде мен башкача кадамга бармакмын. Мен ага жардам бере алган жокмун. Марс Бөдөшевди өмүр бою камакка алынсын деп сурандым эле. 20 жыл деле көп, сот ушундай чечим чыгарды. Мен бул чечимге макулмун”,-деп билдирген Турдаалы Кожоналиев.

 11-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапкан. Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча жети жылга эркинен ажыратылган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 2