Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.
Белгилүү мушкер Бусурманкул Абдибаит уулунун M-1 Global`дагы кезектеги беттеши 30-августта боло тургандыгы айтылды. Ал Украиналык Андрей Лежнев менен беттешет.
Буга чейин бул беттеш 20-июлда Ингушетиянын Таргим шаарында M-1 Challenge 103: Battle in the Mountains 8 турниринин алкагында өтмөк. Бирок, турнир Ингушетияда болуп жаткан административдик өзгөрүүлөрдөн улам жылдырылган.
Белгилей кетсек, Бусурманкул уулунун карамагында 11 жеңиш, 2 жеңилүү бар.