Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Иран менен болгон беттештен кийин билдирүү жасады.
«Бизди ар дайым, бардык жерде, өзгөчө үйдө колдогон күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдирем. Бул чындыгында мотивациянын абдан маанилүү фактору. Белгилей кетчү жагдай, үйдөгү беттештерге биздин оюнчулар өзгөчө маанайда чыгышат. Албетте, жетиштүү упай ала албаганыбызга капа болдук. Бирок келечекте дагы жакшы оюн көрсөтүп, көксөгөн упайларды алабыз деп ишенебиз», — деди башкы машыктыруучу.
Эске салсак, 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан — Иран курама командаларынын футболдук беттеши өтүп, 2:3 эсебинде кыргыз курамасы жеңилип калды.