• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

БУУ Россияга карата резолюциясын кабыл алды. Кыргызстан добуш берүүдөн карманды

3 Жалган куран 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

БУУнун Генералдык ассамблеясы Россияга Украинада күч колдонууну токтотуп, аскерлерин чыгарып кетүү талабы боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Документте бардык тараптар Минск келишимин аткарып, пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырык жасалган. Белгилей кетсек, бул резолюциянын милдеттүү юридикалык күчү жок.

Резолюцияны 141 мамлекет колдоп, бешөө каршы чыкты. Макулдугун бербегендер: Россия, Беларусь, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея. Кыргызстан жана Кытай, Казакстан, Өзбкестан сыяктуу 34 өлкө добуш берүүдөн карманышты.

Количество просмотров: 244