• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Өзбекстанга барат

9 Жалган куран 2023 9:29 Бишкек Govori.TV

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк 13-15-март күндөрү Өзбекстанга барат.

Мамлекеттик «УзА» агенттигинин маалыматына караганда, сапардын алкагында БУУнун өкүлү Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле Олий Мажлистин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугат.

Мындан тышкары Фолькер Тюрк Каракалпакстанга да барат деп күтүлүүдө.

Февралдын аягында Өзбекстанга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Каракалпакстан окуяларында күч органдары адам укуктарын бузганы айтылып жаткан билдирүүлөр боюнча толук жана ачык иликтөө зарыл экенин белгилеген.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан бул жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алып салуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза болуп, 243 адам жараат алганын жана 500дөн ашуун киши кармалганын билдирген.

Буга чейин Өзбекстанга БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары 2017-жылы май айында барган. Анда бул кызматта Зейд Раад аль-Хусейн иштеп жаткан.

Фолькер Тюрк БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары болуп 2022-жылы октябрда дайындалган.

Количество просмотров: 57