• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БУУнун баш катчысы: Донбасска кирген орусиялык аскерлери тынчтык орнотуучу күчтөр катары саналбайт

24 Бирдин айы 202210:47 Бишкек Govori.TV

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш өзүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактардагы жагдай геноцид деген аныктамага туура келбей турганын билдирди. Ошол себептүү БУУ Донбасстын аймагына кирген орусиялык аскерлерди тынчтык орнотуучу күчтөр катары санабай турганын маалымдады.

БУУнун сайтына жарыяланган Гутерриштин билдирүүсүндө Орусия Федерациясынын аталган “республикалардын” көз карандысыздыгын таануу аракети Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузары, Улуттар Уюмунун жобосуна каршы келери белгиленет.

“Бир өлкөнүн аскерлери экинчи өлкөнүн уруксаты жок анын аймагына киргени, алар бейтарап бейпилдик орнотуучулар болуп эсептелбейт”,- дейт анда баш катчы.

Орусиянын президенти Владимир Путин мурдараак атайын телекайрылуусунда 2014-жылы Украинада болгон төңкөрүштөн кийин “Донбасстагы орус тилдүү миллиондой адам геноцидге кабылып жатканын” айткан. Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирип, украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

Количество просмотров: 114