БУУнун Башкы ассамблеясы Израилдин оккупацияланган Палестина аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу Аида Касымалиева билдирди.
Палестина сунуштаган жана ондогон башка өлкөлөр демилгелеген резолюцияны 124 делегация колдоп (алардын арасында Кыргызстан да бар) добуш берди. 43 өлкө калыс болсо, 14 өлкө каршы чыкты.
Бул арада Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө өлкө Израилди тааныбай турганын билдирди. Өткөн жылы Сауд Арабиясы менен Израил мамилелерин жөнгө салууну талкуулашкан, бирок Газадагы азыркы жаңжал келишим түзүүгө кедергисин тийгизди.