• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

БУУнун комитети: Сотунун чечими Дина Маслованын сөз эркиндиги укугун бузган

15 Бештин айы 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын сотунун «zanoza.kg сайты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди» чечимине каршы жазылган арызга жооп берди.

Журналист Дина Маслованын адвокаттары 2018-жылы сот zanoza.kg сайтына 27 миллион айып салгандан кийин БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрылган.

Комитет ал арыз боюнча быйыл 13-октябрда корутунду чыгарып, 13-декабрда арызданган тарапка жөнөткөн. Анда кыргыз сотунун чечими Дина Маслованын сөз эркиндиги укугун бузган деп тапкан.

Укук коргоочу Чолпон Жакупова менен маекти жарыялаганы үчүн журналист жоопкер болуп калганы демократиялык эрежелерге сыйбай турганы, бул үчүн 3 миллион айып салуу өтө эле ашыкча жаза болгону белгиленген.

2017-жылы аталган сайтка Жакупова менен маек жарыяланган. Анда өлкөдөгү адам укуктары, сөз эркиндигинин абалы тууралуу сөз болгон. Ошол жылдын 20-апрелинде мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген.

Октябрь райондук соту баш прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, «Zanoza.kg» сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, «Адилет» клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Атамбаев бул доолордон баш тарткан.

Количество просмотров: 60