• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БУУнун Кыргызстандагы жетекчиси жакында сабалган FactCheck KG редактору менен жолукту

23 Үчтүн айы 2020 11:23 Бишкек Govori.TV

БУУнун Кыргызстандагы жетекчиси Озонниа Ожиело FactCheck KG редактору Болот Темиров менен жолугуп, өлкөдө ЖМК эркиндигинин абалын талкуулады.

БУУга мүчө-мамлекеттер журналисттерге өз ишин аткарууга тоскоолдук жараткандардын баарын жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык аракеттерди жумшап, тыкыр иликтөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү деп билдирди Озонниа Ожиело.

Эске салсак, буга чейин “FactCheck KG” сайтынын башкы редактору Болот Темиров белгисиздер тарабынан сабалган жана бул кырдаалды журналист өзүнүн кесибинен улам болуусу ыктымал экенин айткан. «FactCheck KG» басылмасы фактылар жана иликтөөлөрдү тактоого багытталган жана бир катар журналисттик иликтөөлөрдү да жүргүзүп келет.

Количество просмотров: 74