• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

БУУнун мурдагы кызматкери 13 аялды зордуктаганы үчүн соттолду

30 Тогуздун айы 20228:30 Бишкек Govori.TV

БУУнун мурдагы кызматкери, 39 жаштагы Карим Элькорани 13 аялды алгач билгизбей баңгизат берип, андан кийин зордуктаганы үчүн соттолду.Бул тууралуу «Кактус медия»

«The Times» басылмасына таянып жазды. The Times гезитинин жазганына караганда, бул окуялар Иракта, Египетте жана АКШда 17 жылдан бери болуп келген.

Белгилүү болгондой, ал адам Иракта эл аралык өнүгүү тармагында, үч жыл — БУУнун Балдар фондунда жана эки жыл БУУнун байланыш боюнча адиси болуп иштеген.

Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Элькорани жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларды баңгизатка сезбей аралаштырып, андан соң зордуктаган.

Жалпысынан жабыркаган 13 аял аныкталган. Анын ичинде 2016-жылы Иракта иштеген журналист да бар. Сот Карим Элькораниди 15 жылга эркинен ажыратты.

Количество просмотров: 586