• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Быйыл 25 миңден ашуун “акылдуу” эсептегич орнотулат

24 Үчтүн айы 2019 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

«Түндүк электр» ачык акционердик коому 2019-жылдын 1-январына карата 198 миң 217  эсептегич орноткон. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 175 миң 884 даанасы тиричилик абоненттерине, 22 миң 333ү башка абоненттерге орнотулган.

“Акылдуу” эсептегичтер электр энергиясындагы жоготуулардын алдын алуу максатында коюлат. Мындан сырткары 3 фазалуу эсептегичтерди колдонгон абоненттердин электр энергиясын чектен ашык колдонулушун алдын алуу болуп саналат.

2019-жылдын аягына чейин «Түндүк электр» ААКы Чүй жана Талас облустарына 25 миң 492 эсептегичтин көрсөтмөсүн аралыктан ала турган автоматташтырылган эсептегичтерди орнотоору күтүлүүдө.

Количество просмотров: 35