• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги автобустарга видеокамералар орнотулат

24 Тогуздун айы 2018 9:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Бишкектеги автобустарга видеорегистраторлор орнотулат. Бул тууралуу мэриянын отурумунда «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа ишканалары» мекемесинин директору Бакыт Темикеев билдирди.
Маалыматка караганда, жабдыктар пилоттук долбоор катарында 50 автобуска орнотулду.
Мэр Азиз Суракматов билдиргендей, видеокамераларды маршруткаларга да орнотуу керек. Айтымында, мындай сунушту шаардыктар киргизишүүдө.
«Унааларда уурулар топ болуп жүрүшөт. Салондун ичин жана жолду тарта турган камераларды орнотуш керек. Алардын баасы 1 миң, 1 жарым миң сомдун тегерегинде. Маалыматтар шаардык унаа башкармалыгында сакталышы керек», -деди ал.
Количество просмотров: 21