• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эрежени бузгандардын жүзүн аныктай турчу камералар коюлууда

18 Үчтүн айы 2019 17:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине мыйзам бузгандардын жүзүн аныктай ала турган камералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу “Малекеттик башкаруунун жана кызмат көрсөтүүнүн инновациялары” аталышындагы конференцияда “Инфоком” малекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев билдирди.

Анын айтуусунда, ушул тапта камералар орнотулуп, жол эрежелерин бузгандарды каттоо үчүн аппараттарга программалар орнотулууда. Февралдын башында камералар өндүрүштүк режимде ишке киришип баштайт. Тагыраагы, камералар эреже бузгандарды каттап, протоколдор түзүлө баштайт.

2018-жылы “Инфоком” компаниясы 4 жерге камера орнотуп, 7 ай текшерип көрдү. Бул айлар аралыгында 280 миң жол эрежесин бузуучулар катталган. Орнотулган 4 камерадан жалпы 6 млн транспорт каражаттары өткөн.

Количество просмотров: 19