Быйыл 32 миң 580 кыргызстандык чет жерден добуш берет. Бул тууралуу бүгүн,24-сентябрда өткөн маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
«Чет жерлерде 45 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Алдын ала түзүлгөн тизмеге караганда шайлоочулардын саны өстү. Тизмеге дагы 13 миң 321 жаран киргизилди.Чет жерлерде бүгүнкү күндө 45 шайлоо тилкеси ачылды», — деп билдирди Шайлдабекова.
Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү өтөт.