• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Быйыл бүтүрүүчү класстар мамлекеттик сынак тапшырбайт

20 Чын куран 202117:45 Бишкек Govori.TV

Быйыл 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырышпайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын предметтик комиссия түзүлүп, алар окуучулардын бир жыл аралыгындагы жетишкендиктерин карап чыгат жана чейректердин жыйынтыгы менен экзамендик баалар коюлат. Мындай чечим пандемияга байланыштуу кабыл алынган.

«Мындай чечим коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 454