• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайгуул кызматы: Блок посттор коюлуп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн унаалары текшерилет

7 Теке 2022 12:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын дээрлик баардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземи өтүүдө.  Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерди мектепти бүтүрүп жаткан балдарын көзөмөлдөөгө чакырат.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери ар бир орто мектептерде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

«Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блок посттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан баардык унаалар текшерилет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 157