• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Быйыл Бишкектин гүлзарларына 1,6 млн гүл отургузулат 

10 Үчтүн айы 202511:02 Бишкек Govori.TV

Быйыл Бишкектин гүлзарларына 1 млн 600 миң гүл отургузулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын №1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын үрөөнү себилди. Алар өнүп чыккан соң чөйчөккө көчүрүлөт. Андан соң гүлдөр «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын күнөсканаларында өстүрүлөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жай мезгилинде борбор калаада 1 млн 600 миңден ашык бир жылдык гүл гүлдөйт. Быйыл гүлзарларды сальвия, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка гүлдөр кооздойт.

Количество просмотров: 200