• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Быйыл казынага туризмден акча аз түштү

2 Аяк оона 202017:05 Бишкек Govori.TV

Былтыркы жылга салыштырмалуу туризм тармагынан салык түшүүлөрдүн төмөндөшү орун алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эльчибек Джантаев билдирди.

“Санитардык-эпидемиологиялык абалдын кесепетинен туризм тармагынан салык түшүүлөрдүн төмөндөшү орун алды. 2019-жылдын жайкы туристтик мезгилинде (июнь-август) эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүнөн 68731,3 миң сом акча каражаты түшсө (республикалык бюджет 44280 миң сом, жергиликтүү бюджет 24451,3 миң сом) отчеттук мезгилде салыктын көлөмү июнь айына карата 63%га, июль айында 42%га төмөндөдү”, — деп билдирди Эльчибек Джантаев.

Жантаев кошумчалагандай, Ысык-Көлдө сезон учурунда 220 туристтик жай иштей алган жок.

«Жайкы сезон учурунда 313 туристтик жай гана иштеди. Кышында бизде туристтик сезон болгон. 2019-жыл ичинде келген туристтердин саны 1 миллион 268 миңди түзсө, анын 212 миңи четтен келген. Быйыл ички туризмге басым жасалды. 220 туристтик объект иштей алган жок», — деди ал.

Количество просмотров: 123