Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда жалпы 1,5 миллионго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.
2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду.
Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.