• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Быйыл Кыргызстанга келген Россия жарандарынын саны 30%га көбөйдү

11 Тогуздун айы 202212:43 Бишкек Govori.TV

Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген РФ жарандарынын саны салыштырмалуу 30%га көп. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң РФ жараны келген.

«2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Ал эми өткөн жылдын 9 айында Россия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга тапшырык берип, анын ичинен 603ү алды”, — деди ал.

Количество просмотров: 84