• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Быйыл өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала 1-класска барат

27 Жалган куран 202615:26 Бишкек Govori.TV

Быйыл өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, 1-класска баруучу балдардын акыркы саны электрондук каттоодон өткөндөн кийин аныкталат.

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаеванын айтымында, борбор калаада болжол менен 25 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 18 миңди түзгөн.

Количество просмотров: 137