• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Быйыл окуучулар бирдиктүү форма кийбейт

5 Баш оона 202014:48 Бишкек Govori.TV

2020-2021-окуу жылында мектеп окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийишпейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү уюмдарында окуучулардын бирдиктүү мектеп формаларын талап кылбоо чечими кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка кол коюлуп, региондорго жөнөтүлдү», — деди Өмүров.

Количество просмотров: 583