• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Быйыл пенсионерлердин саны 46 миң 229 жаранга көбөйдү

17 Тогуздун айы 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Соцфондго 55 миң 973 пенсиялык иш түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.

“55 миң 973 пенсиялык иштин ичинен 46 миң 229 пенсия чектелип, 9 миң 744ү эсептелүүдө”, — дейт ал.

Соцфонддун төрагасынын орун басары 1-октябрга карата өлкөдө пенсионерлердин саны 735,9 миң адамды түзгөнүн маалымдады.

“Анын ичинен “Кыргыз почтасы” аркылуу 202,1 миң адам (27%), коммерциялык банктар аркылуу 533,8 миң адам (73%) пенсиясын алат”, — деди Улан Жума уулу.

Количество просмотров: 75