Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
«Окуу жайларга тапшыруунун биринчи туру 12-14-июль күндөрү болот. Ал эми экинчи туру 19-23-июлга чейин өтөт. Үчүнчү тур 26-31-июлга чейин болот. Абитуриентте окууга тапшырууда техникалык же башка көйгөй болуп жатса, 1818 кыска номерине кайрылса болот.», — деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, быйыл 25 миң 284 абитуриент жогорку окуу жайдын 110дук босого баллын алышты.