• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Быйылкы окуу жылы 25-майда аяктайт

17 Чын куран 2021 10:12 Бишкек Govori.TV

2020-2021-окуу жылы бардык жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин өтөт.

«9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра), эне тили (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдери), Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили (орус, өзбек, тажик тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн мектептерде) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде) предметтеринен экзамен беришет», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик аттестация ар бир мектептин окуу планына ылайык предметтик комиссия тарабынан жүргүзүлөрү айтылды.

Количество просмотров: 243