2019-2020-жылдар аралыгындагы окуу убактысы 30-майда аяктайт. Бул тууралуу 11-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чечим биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алынган.
«Жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт», — деп айтылат маалыматта.