• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Бюджеттен акча кеткен жок». Мэрия 12 миң долларлык аялдамаларды кайсы каражатка куруп жатат?

22 Аяк оона 2023 12:54 Бишкек Govori.TV

Ар биринин баасы 10-12 миң доллар деп бааланган заманбап аялдамалар курулууда. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев билдирди.

«Азыркы учурда 4 аялдама курулган, учурда 7 аялдама курулуп жатат. Ижарачылардын каражатына бул аялдамалар курулуп жатат. Баасы болжол менен 10-12 миң долларды түзүүдө. Бул жайкысы салкын, кышкысы жылуу болот. Бишкек шаарынын баардык жерине мындай аялдамаларды курууга чакырып жатабыз», — деди ал.

Кошумчалангандай, 25 аялдама комплексин куруу пландаштырылууда, анын ичинен 4ү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти, 21и «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан пландаштырылган.

«Манас проспектиси менен Чүй проспектисинин кесилишинде 2 аялдама комплекси кеңейтилип, филармониянын алдындагы аялдама 3 метр артка жылдырылып, асфальт төшөлдү. «Шампаньевинкомбинат» жана «Илимдер академиясы» аялдамаларынын айланасын иретке келтиришти, жакынкы убакта аялдамалар орнотулат. Фучик көчөсүндө Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш мемориалдык комплексине чейин 8 аялдама болот. Жакында Чүй проспектисинин боюнда «Ала-Тоо» кинотеатрынын жана Мамлекеттик салык кызматынын тушундагы аялдама комплекстерин кеңейтүү иштери башталат. Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине аялдама комплексин орнотуу иштери бүткөрүлүп, бул үчүн жол 1,20 метрден 3 метрге чейин кеңейтилди», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Количество просмотров: 456