• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд башталды

6 Жетинин айы 202513:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд башталды. Бул тууралуу «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд баштады.

Кошумчалангандай, коомдук транспорттун аялдамаларга токтоосуна тоскоолдук жараткан унаалар эвакуаторлор менен алынат.

Количество просмотров: 125