• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Аширалиев жазасын жеңилдетүүнү өтүндү

15 Үчтүн айы 2024 16:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деген шек менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Чынтемир Аширалиевдин ишин карады.

Соттук отурумда соттолуучунун адвокаты “сот коомчулуктун басымы менен гана акыйкатсыз өкүм чыгарып койгонун” айтты. Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин кайталап, “бирок балдарды ал өлтүрбөгөнүн” айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүндү.

Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Октябрь райондук соту 3-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 103