• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үч кишинин өлүмүнө шектүүнүн соту башталды

26 Теке 202314:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июлда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Аширалиевдин иши каралып жатат.

Шектүү сотко жеткирилди. Ишти караган судья Надырбек Токтосунов.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 219