Фейсбук социалдык тармагына Меерим Акылбекова аттуу жаран коомчулуктан жардам сурап, кайрылуу жазды. Анын айтуусунда, ал балдары менен жардамга муктаж.
«Мен үч баланын энеси болом, 29 жаштамын. Азыркы учурунда аябай кыйналып атам. Иштеп жатам бирок, баары бир тапканым эч нерсеге жетпей жатат. Карыздарым көбөйүп кетти. Суранабыз эгер сиздерде бут кийим 38-размер аялдардыкы бар болсо, ашыкча койноктор 48-размер, же балдарга бут кийим болсо жазып коюнузду суранам. @my.vas.lyubim биздин аккаунт», — деп жазат ал.
Келин калтырган байланыш номур — 0705-120-620.