Балыкчы шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев президенттин атынан үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашып, борбордук коммуникацияга туташтырылган. Батир оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен камсыздалган.
«Ошондой эле аталган үй-бүлөгө белек катары жеңил унаа жана 150 миң сом тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиевдин үч эм ата-энеси өздөрүнүн турак жайы жана жумушу жок жана Тоң райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.