Бүгүн, 4-июль күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов үч кызды чөгүп кетүүдөн сактап калган милиция кызматкери Сыймык Токтогул уулун «Ардак грамота» менен сыйлады. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Боронов 1-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжда үч кыздын өмүрүн сактап калган милициянын старшинасы, кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери Токтогул уулу Сыймыктын ыкчам жана кайратман аракетин өзгөчө белгилеп өттү.