• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Чүй менен Осмонкул көчөлөрүндөгү насостук станциянын курулушу качан аяктайт?

29 Бугу 20259:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынынын Чүй менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Жылуулук электр тармактарынын №3 насостук станциясы ишке кирсе шаардын батышындагы 30 миңге жакын абонентти жылуулук менен камсыздоо жакшырат. Бул тууралуу куруучу компания “Технотоп” ЖЧКсынын мастери Бектур Мейман уулу билдирди.

Анын айтымында, насостук станциянын курулуш иштери бир айдын тегерегинде бүткөрүлөт.

“Курулуп жаткан түтүктөр насостук станциянын жаңы трассасы. Бул жерде капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда насостук станциянын имараты курулуп, жээги бекемделип, 8 насос жана кран устуну орнотулду. Азыр станциянын ичине түтүктөр орнотулуп, 4 түтүк диаметри 1000 мм өтүүчү канал курулууда”,- деди Бектур Мейман уулу.

Количество просмотров: 190