• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чүй милициясына 20 кызматтык унаа тапшырылды

16 Бирдин айы 2024 10:41 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү автоунааларды тапшыруу иш-чарасы Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында бүгүн Бишкекте тапшырылды. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.

Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди

Количество просмотров: 82