• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чет элдик жаранга бычак сайып, Казакстанга качып кеткен жаран кармалды

13 Аяк оона 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атада чет элдик жаранга бычак сайып, Казакстанга качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда Ысык-Ата райондук милициясына аймактык ооруканага Россиянын 1998-жылы туулган А.В. аттуу жараны денесине бычактан жаракат алып түшкөндүгү тууралуу билдирүү келген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүүгө аракеттенүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышты 38 жаштагы А.А. аттуу жаран жасаганы аныкталып, ал адам ошол окуя болгон күнү эле Казакстанга чыгып кеткени такталган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 121