Чүй облусунда 70 миңден ашык «акылдуу» эсептегич орнотулат
Чүй облусунда 70 миңден ашык «акылдуу» эсептегич орнотулат
30 Чын куран 202617:34 Бишкек Govori.TV
2026-жылы Чүй облусунда 70 миң 602 «акылдуу» эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Эске сала кетсек, 2025-жылы Чүй облусунда 102 652 даана «акылдуу» эсептегич орнотулган. Акылдуу эсептегич орнотуу иштери төмөндөгүдөй алгылыктуу жыйынтыктарды берди:
керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жогорулады;
кардарлардын кайрылуулары 50 пайызга азайды;
электр энергиянын жоготуулар 1,3 пайызга кыскарды;
санариптештирүүнүн алкагында 47 инспектордук кызмат орду кыскарды;
кагаз түрүндө берилчү эсеп дүмүрчөк токтотулуп, “Мой свет” мобилдик тиркемеси менен керектөөчүлөр аралыктан тейлөөгө өттү;
кагаз дүмүрчөк колдонуу бир кыйла азайып, каржы жагынан үнөмдөлдү.