• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“19-кылымда отурмаксыз”. Жапаров тургундун өчүрүүлөр боюнча суроосуна жооп берди

21 Жетинин айы 202510:59 Бишкек Govori.TV

Президен Садыр Жапаров Бишкектин түндүк-батыш тарабында «Алтай» шаарчасынын курулушун баштоо иш-чарасына барган.

Анда президент шаар тургундарынын бир катар суроолоруна жооп берген. Алардын катарында электр энергиясына байланышкан суроого жооп берип, акыркы жылдарда жасалган иштер тууралуу айтып берген.

«Электр энергиясы 5 жылдын ичинде ушул иштердин баарын жасабаганда сиз азыр свети жок 19-кылымда отурмаксыз. Анткени бүт жанагы 50-60-жылдардагы Токтогул ГЭСинен баштап Күрп-Сай башка ГЭСтердин баары бир да жолу оңдолгон эмес. 50 жыл 24 саат бою токтобой иштеп турган. Мен келгенде катастрофалык абалга келип калган экен. Кокуй күн-түн дебей иштейли деп туруп, 4 жылдын ичинде бүт жаңылап бүттүк», — дейт президент

Количество просмотров: 178