• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Селдин кесепеттери. Баткенде электр энергиясы толук калыбына келтирилди

24 Кулжа 20269:27 Бишкек Govori.TV

Баткенде селден кийинки электр энергиясын калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. 

22-июнда нөшөрлүү жаандан кийин ишкананын административдик имаратын жана 110/35/6 кВ «Баткен» көмөк чордонун сел каптаган. Өзгөчө кырдаалдын натыйжасында Баткен шаарында жана Баткен районунда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учураган.

«Кырдаал жаралгандан тартып Баткен электр тармактар ишканасынын авариялык-калыбына келтирүү бригадалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, түнү бою электр жабдууларын сел калдыктарынан тазалоо, техникалык кароо жүргүзүү жана бузулган участокторду калыбына келтирүү иштерин аткарышты», — деп айтылат маалыматта.

Калыбына келтирүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да тартылып, селден жабыркаган аймактарды тазалоо жана авариялык иштерди жүргүзүүдө көмөк көрсөтүштү.

Количество просмотров: 16