• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүй ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

11 Теке 202314:19 Бишкек Govori.TV

 Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Чечим министрлер кабинетинин алдындагы Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.

Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизген хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери белгиленди.

Количество просмотров: 229