• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чүй, Ош жана Бишкекте өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат

25 Кулжа 2020 11:09 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат. Бул тууралуу бүгун Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

“Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат”, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктурган 228 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3954тү түзөт. Алардын ичинен 2112 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Количество просмотров: 1479