• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүй: Тоодо жоголгон 31 жаштагы жаран куткарылды

21 Бирдин айы 202210:53 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда тоого чыккандан кийин дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн капчыгыйында 1991-жылы туулган А.У. тоого чыгып дайынсыз жоголгон.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 455