Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Элдан Аталык» ЖЧКга тиешелүү 20 гектар эгин талаанын 10 гектары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, 19-июль күнү саат 18:16да өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, толук 18:46да өчүрүлгөн.
Өрт эгинди чабуу иши жүрүп жатканда чыккан. Жалпы 20 гектар жердин калган 10 гектарын чабып алууга үлгүрүшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.