• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө 10 жаштагы өспүрүм жоголду

21 Бештин айы 2021 15:37 Бишкек Govori.TV

Сокулук райондук милициясы дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Данил Семеновду издеп жатат. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүм 19-декабрь күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Өспүрүм буга чейин да үйүнөн качканы айтылды.

Өзгөчө белгилери: бою 150 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бетинде сепкили бар.Үстүнө кара түстөгү спорттук шым, кара кофта, жеңи жок кара күрмө, кара кепич кийип жүргөн.

Өспүрүмдү көргөндөр (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кабарласа болот.

Количество просмотров: 771