• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө 13 жаштагы кызды поезд сүзүп кеткен

29 Кулжа 202216:44 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атада 13 жаштагы кызды поезд сүзүп кетти. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 27-июнда темир жолдордун бириндеги жөө өтмөктөн поезд кызды сүзүп алганы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, анда милиция кызматкерлери 2009-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан.

Аталган факт милициянын электрондук журналына каттоого алынган.

«Кырсык катталган жерде аталган өспүрүм кыздын блокноту табылып, анда кыз жашоого болгон көз карашын жазып жүргөнү жана чоң энеси менен жашай турганы белгилүү болгон. Иштин жагдайын аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 180