• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Чүйдө 15 жаштагы бала уруксатсыз агасынын унаасын айдап кеткен

13 Үчтүн айы 20258:42 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм документи жок унаа башкарганы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол кыймылынын эрежелерин бузган унаа инспекторлор тарабынан токтотулган.

Анда 15 жаштагы өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экени жана унааны агасынын уруксатысыз айдап кеткени аныкталган.

Окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Унаа айып короого токтотулду, ал эми өспүрүм менен анын үй-бүлөсүнө карата текшерүү иштери башталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулук күбөлүксүз унаа башкаруу айдоочу үчүн гана эмес, башка жол кыймылынын катышуучулары үчүн да коркунуч жаратарын эскертет. Ата-энелерди балдардына көңүл буруп, мындай окуяларды алдын алууга чакырат.

Количество просмотров: 186